Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » Жаныл Жусупжан адабий сынчы Бекташ Шамшиев менен маектешет

Жаныл Жусупжан адабий сынчы Бекташ Шамшиев менен маектешет

автор Муса Мураталиев
Комментариев нет

Москвалык жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы тууралуу адабиятчы, Бишкектеги Чүй университетинин профессору Бекташ Шамшиев “Азаттыкка” буларды айтты:

Кыргыз коому Муса Мураталиевге чыныгы талант катары мамиле жасашы керек эле. Анын чыгармачылыгы кыргыздарга албетте, таанымал. Ал Мырза Гапаров, Асанбек Стамов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов өңдөнгөн таланттардын катарында турган чоң жазуучу.

Ондогон повест, аңгемелерин көптөгөн тилдерге которулган жазуучунун соңку “Бурхан жана Мария” деген эки романы кирген китеби Москвада 2011-жылы орус тилинде жарык көрдү. Чыгарма бөтөн жерди байырлаган кыргыз мигранттын жашоосу менен жалгыздыгы, орус улутчулдугу, кыргыз тарыхы жана “Манас” эпосу, жоголуп кеткен уруулары өңдөнгөн ар түркүн маселелерге арналат.

Муса Мураталиевдин мааракеси Кыргызстанда белгиленеби-жокпу: азырынча беймаалым.

Бекташ Шамшиев менен маекти бул жерден толугу менен угуңуз:

http://www.azattyk.kg/audio/Audio/344185.html

Жаңыл Жусупжан

Вас также может заинтересовать