Архив рубрики: Кыргызча

Мамасалы Апышев о Чингизе Айтматове

(на киргизском языке)

Развернутый анализ феномена Чингиза Айтматова — писателя и человека.

Айтматовдун акыркы адашуусу,
же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды. Читать далее Мамасалы Апышев о Чингизе Айтматове

Муса Мураталиев. Жаман.(«Манас айтуу» романдан)

Колуңуздагы чыгарма эски жана жаңы заман таасири астында жазылды.
Эски заман эпкини катары Түндүк Азия менен Борбордук Азиянын байыркы элдеринин бири кыргыз элинин оболку тарыхы иликтөөгө алынды. Кыргыздын кырк уруу системасын иликтөө аны «Манастын» турптына алып келгендиктен улуу мурастын сюжетин баштан-аяк чечмелеп чыгуу китептин кыйла бөлүгүн түздү.
Кыргыздын жоголуп кеткен урууларынын тагдыры берилип, алар жашап өткөн кездердеги алар тебишкен байыркы элдер: хунндар, гунндар, кем-кемжуттар, кытайлар, дасялар жана бири менен биринин кантип кармашкандары притча түрүндө чагылдырылды.
Жаңы заман эпкини катары советтик империянын кыйрашы маскөөлүк жашоонун негизинде берилди. Орусиялыктар психологиясында болуп аткан өзгөрүүлөр, коомчулукту кеңири кучагына алган кылмыштуулук алар менен табакташ болуп кеткен чекисттер турмушу чагылдырылды.
Баш каарман Бек Мурза орус досу Юрий Уста, немис досу Леонард Линкс, кыргыз досу Асан Жапар жана америкалык досу Чарльз Стивенсон болуп андай жашоону кантип баштарынан өткөрүшү баяндалды.

Скачать УУЛУМА ДЕГЕН КОНСПЕКТ

About MANAS

Kesipteshter,

Kytaidagy kyrgyzdar u’chun Manas dastanyn saktoo mu’mkunchulugu UNESCO tarabynan karjylansa,
menimche, bul da chong iygilik.
Bul jagyn ech jadybyzdan chygarbaily.

UNESCO bashka da kytailyk azchylyktardyn dastandaryn tizmege kirgizgen.
Azyryncha Mongoliya, Orusiyadagy Buryat jana Kalmak jumuriyattary
Kytaidagy o’z uluttashtaryna gana Geser menen Jangar dastandaryn yigaryp salyptyr dep
naarazy bolgonu tuuralyy maalymat uchurata elekmin.
Masele — UNESCO’nun karjyloosunda gana.

Egemen Kyrgyzstandyn o’kmotun jana koomchulugun ech kim «bul dastandy saktoo ishin karjyloodon bash tart» dep kysmaktap jatkan jeri jok.

Salamym menen,

Tynchtyk.

e-mail: tchoroevt@rferl.org
www.azattyk.kg