КУНДӨЛҮК БЕТТЕРИНЕН
“АЛГЫРЫМ” ПОВЕСТИМ ТУУРАЛУУ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПИКИРИ
Май айынын түнгө карап калган маалында Маскөө алдындагы СССР Жазуучулар Союзунун эс алуу үйү
Малеевкадан Чынгыз Төрөкулович Айтматов мага телефон чалды.
“— Азыр эле “Алгырымды” окуп чыктым, – деп баштады оюн Чыке. – Жакшы ойдо калдым. Чакан, бирок майын чыгара иштелген повесть экен. Акырындап бирине бири чырмалышып өтүп отурган терең тамырлаган чыгарма экен. Абдан жеткире иштелген, мага да таанышсыз мүнүшкер кесиби анан ал таптап аткан алгыр куштун жашоосу тартылыптыр… Баш жагында кыймыл аракет мындан саал тез өнүккөндө өлүп калмак экен. Бирок мындай турушу менен деле адамды кыйла толкундатат экен. Ушундай чыгармаларды жаза бер…
— Демейде куш таптаган кишини мүнүшкер дейт эмеспи силер жакта мүлүшкер дейби? – деп сурап калды.
Бирок мен жооп бергиче Чыке сөзүн андан ары улады:
— Тынар түлкү алганга алы келеби? – деп кайра да сурады.
— Түлкү алыш үчүн тынардын өз ыкмасы болот экен, – дедим мен. – Чоң атам Мураталы куш таптаган киши болгон. Мунун баарын ал киши мага айтып калар эле. Бирок түлкүнүн белин тынар омкоро албайт дечү, тынар түлкүнү алганда тумшуктан мыкчый кармап, мен жеткиче качырбай кармап турат деп айтан бир жолу.
— Карышкыр да алат беле? – деп сурап, бирок бул жолу да:– Ай, алы келбейт го.– деп өзү жооп берди.
Андан ары Чыке С. Томсондун (америкалык жазуучу — ММ.) жазгандары кыргыздын куш салуу салтына окшоп кетет экен, бирок ал мындай жаза алган эмес. Аңчылык сыры ачылбаган бойдон калат, бирок анын интригасы бар экен. Почточу көгүчкөндү кармап анын тукумун алмак болуп колго багат, бирок анысы качып кетип калат. Бирок ал “Алгырым” повестегидей куштун ичине кире алган эмес. Бул повесте адамдар образдары да жакшы сүрөттөлөт. Кончой беле? Ошол, а берки, Асаналы экөө тең адамдын терс мүнөзүн алып жүрүшөт, мыкаачылыгы, напсисинин бузулушунун залалы тийип тынардын убалына калышты. Бирок адамдык бийиктиги деле бар аларда! Кончойдун адамкерчилик сын-сыпаты терең. Мен ушул, адамдык бийиктик туурасында кеп баштасамбы деймин… бир неме жазсабы дейм, ал дагы бүркүтчү, акыры өзү карыганда бүркүтү да карып болгондо ал бүркүтүн коё бермек болот. Бир күнү тоого алып барып бүркүтүн коё берсе бүркүтү артынан ээрчип, кетпей коюп, амалын түгөтөт…
Иши кылып, ушинтип, жаза бер.
Маскөөгө 8-июнда Лео Кошут (немис издатели — ММ) келет. Мен бул пикиримди кичине кат кылып жазып туруп анын колуна берем…”
деп жазыптырмын 9 май 1983 жылы.