Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » Уяң жигитти чанганына өкүнгөн келин

Уяң жигитти чанганына өкүнгөн келин

автор Муса Мураталиев
Комментариев нет

Муса Мураталиев психологиялык сүрөттөөнүн чебери. Жөнөкөй турмуштук эпизод аркылуу адамдардын жашоо-турмушун, кыял-жоругун элестүү тартып берет. Бул ирет москвалык кыргыз сүрөткеринин “Эки атчан” аңгемеси жайында кеп кылсакпы деп турабыз.

Капыс жолугушуу

Алымкан айылдагы сулуу кыз эле, ошондон ага ашыктык сезимин билдирип кат жазбагандар аз эле калды окшойт. Мынабу жоош-момун деп теңине албаган Турарды капыс жолуктуруп калам деп ойлогон деле эмес. Өтө эле тартынчаак, жоош неме эле, Алымканды көргөндө айыбы ачылгандай кызарып-татарып, оозуна сөз кирбей туруп берчү. Кылыктуу кыз андайды жөн кетирбей калсын, каалашынча тамашалап, кытылдай күлүп, баарынын эсинен тандырчу жумшак жылмаюусун таштап басып кетчү. Турар башкаларга окшоп ашыктыгын жалпыга жарыя кылбай, ичтен күйүп, ичтен түтөп сүйүүсүн билдире албай арманда кала берген.

Окууну бүтүп классташтар туш-тарапка тарап, Турар башка жерге иштеп кетти. Алымканды артынан чуркагандардын бирөө ала качып үйлөнүп алды. Кыздын тандоосу да ошол болчу. Башкаларчылап тартынып, калтырап-титиребей сезимин ачык билдирген жигитти өзү жактырып, эки айылдын мыктысы ушул, калганын экөөбүздүн бактыбыз толуктайт деп ойлогон. Анысы жаңылыш экен, той өтүп, экөө чогуу түтүн булата баштагандан кийин арзыганы аракка жакын, алдына максат койбогон бир шоркелдей неме экенин көрүп бармагын тиштеп кала берген. Арадан жыл өтпөй балалуу болушту, үйү бала күлкүсүнө толду, турмуш дегениң балалык аёо сезимиңе карап отурбайт экен, убакыт билинбей өтө берди.

Баягы кызга тике карай албаган уяң бала арык жигит болуптур. Баарына акыл калчаган салабаттуу, токтоо, жетпей калган арманына капыс жолукканга бир алдын кызарып, бирок жолукканына ыраазы болгондой чын ыкластан учурашып калды. Менменсинүү, бой көтөрүүчүлүгү деле байкалбады. Бир кездеги айылдын сулуусунун жүдөңкү кейпи, бакырайган көздөрдүн артына жашынган санаасы сезимтал жандын көз карашынан жашына албады окшойт. Турар Алымканга жолукканына ыраазы экенин кыймылынан билинип турду. Ортодо кеп жалганбай кыйлага үнсүз бастырышты.

Экөөнүн ичинде кандай “ит өлүп” жатканы менен аттардын кандай иши бар, кенен жолдо жанаша калып, үзөңгү кагышып жүрүп беришти. Унчукпай келаткан экөө ички ойлору менен алек эле, эмне деп сүйлөштү Турар да билбей, Алымкан болсо жигит эмеспи, сөз баштар деп күттү. Бир айылда бир мектепте окугандардын минтип бири экинчисинен тартынып, чочуркап калышынын ортосунда биринин көңүл бурбай, экинчисинин жете албай калган арманы турган. Каалап тийген жары көңүлүндөгүдөй болсо Алымкан каадасынча жаркылдап күлүп, ансыз да кыз алдында тартынчаак Турарга тамаша ыргытып жүдөтүп коймок.

Ичти мыжыккан ойлор

Мына бул жол менен канча жүрүштү, жөө, атчан өтүштү. Карабайсыңбы, бул да тагдырдын тамашасы окшойт, капилет жолугуп экөө унчукпай келатышат. Ортодо жашыруун сыр деле жок, бирок билинбеген бир жип экөөнүн ички ойлорун тушап, жапылдап сүйлөшүп кетишине тоскоол болуп, ар кими өз ою менен алек болуп калышты. Баягы Алымканды көргөндө оозуна сөз кирбей, кызарып-татарып туруп калчу Турар жок эле. Андайда сулуу кыз ашык болгон байкуштардын бирөөнө жагымдуу жылмаюусун тартуулап, жанынан кылыктанып өтүп кетчү.

“Кандай сонун, ырыс-кешиктүү жылдар эле, – деп келатты жигиттин ниети. – Эки айылдын жигиттери менен боз балдарын ашык кылган сен, суйкайган сулуу, анда тал чыбыктай ийилген, апакай жанган келбеттүү элең. Ал көрк, сымбатың кана? Эмнеге сактай албадың? Бирок мага баягы элесиң, чиркин, сымбатың артык…”

– Аябай арыктапсың да, – дейт байкоостон эле Алымкан.

“Баягы эле бетке айтма кыялы, – дейт Турардын ниети. – Эмне десем? О, Алымканым, мен өзүңдү ойлогончо болбосо да бир кайрып эсиңе алып койдуң бекен?..”

-Сага бирөө туз артканбы? – дейт бирткеден кийин келин кайрадан.

-Жеринен ушундай элем го.

-Мурда биртке түзүк болчусуң. Шишке саяр этиң жок, ушинтип да киши арыктайбы?

Аттар суулук кагыша, бөкөн желиш менен келишет. Атчандар тоо коюнуна үңүлө карашып кайра да тымышат.

“Эмне ойлоп келатасың, – дейт Турардын ниети. – Ошондо өзүңдү жактырып жүргөнүмү билдиң бекен?”

Алымкандын кимдин колун кармап кандай күйөөгө тийип кеткенин жакшы билчү. Ала көөдөн жигит эле, кийин түшүнгөндүрсүң деп келатты оюнда. Турар ушу кезге чейин кыздардын эркекти тандарына таң. Акылдуу-эстүү деген бийкечтер тандап-тандап келип “бир таздын” жетегинде кеткенин көргөндө ичинен күйүп, ичинен талдап, бирок бир жыйынтыкка келе алчу эмес. Эмне үчүн акыл-эстүү кыздар кенен ойлонушпайт? “Эмне себептен бирөө башын сайып коюп астыңарда чөгөлөп турса да түртүп салып баса бересиңер да, бирөө тетири карап баса берсе да, өзүңө артынан жүгүрүп, ошону эр кыласыңар” деп айыпты кимге коюшту билбей келатпайбы.

Алымкандын жүдөңкү кейпин көрүп ага өзү күнөөлүүдөн бетер кантип кеп башташты, эмнени айтарын билбей, ою он талаалап кетти. Кыйла жүрүшкөндөн кийин Алымкан минген аттын ээри моюнга келип калганын байкап, ошону оңдоп берейин деп калды. Тоонун кызы эмеспи, атынын кандай келатканына Алымкан деле көңүл бурбаптыр. Турар аттын куюшканын кыскартып, кайрадан токуп атканда келин күйөөсүн ойлоп жок дегенде ушул ишти дурус жасасачы деп ичинен нааразы болуп алды.

Сыр аяктын сыны

Турар аны колтуктап атына мингизип жөнөй беришкенде кыз баягы мектепте окуган кездегидей жадыраган жылмаюусу менен аны карап калды. Буга чыдаш кыйын, бечаранын көңүлү өрөпкүй түштү, Алымканды Алымкан кылган, бала кезден тааныш жылмаюусу. Андан кийин деле сөз жалгашпады. Алымкандын “кайдасың?” дегенине Тянь-Шанда иштеп келгенин, азыр айылда турганын айтып тим болду. Башка эмне демек, “сендейди таба албадым, сендей жок экен, ошол үчүн дагы деле бой жүрөм” десинби! Турардын оозунан сөз чыгышы кыйын го.

“Баягы эле жооштугу, – деп алат Алымкандын ниети. – Аял алды бекен? Кандай немеге жолукту? Болбурап дале бош. Ал кезде бул да менин артымдан жүгүрүп жүрчү… Башкалардан өзгөчөлөнгөн деле жагы жок болчу. Анда жаш эле, эми болсо алынан кайтып баратыптыр. Сөз айта албай эле артымдан ээрчип жүрө берчү. Башка балдар да кыйытып оюн билдирчү, асты, мунун оозунан жарты ооз кеп чыкчу эмес. Бирок менде көөнү бар экени көрүнүп турчу. Буга караганда мунун жанында орсок тиш теңтушу бар эле. Жакшы жигит болчу, сымбаты келишкен, кер мүнөз… кыздардын оюнан кетпеген ошол болчу. Анын көзүнө түшөлү деп мунун мазесин кетирип, мазактай берсек бул, жетине бербей, шынаарлап биздин жаныбыздан чыкчу эмес. Ошонусун эстейт болду бекен? Азыр айтса арданаар беле?..”

Турардын жүрөгүндө да ошол күндөрү келаткан: “Келбетиң кете баштаганы менен кыял-жоругуң баягы боюнча экен. Учурунда көргөн адамды кумар кылган ажарың кетиле баштаган экен. Эки айыл кыздын ичинен бөлүнүп турчу сымбат элең го чиркин. Эми болсо көп аялдын бири болупсуң… Бирок мен үчүн дагы эле баягысың, Алымкан…”

-Кандайсың деги?.. – деп алды Алымкан.

-Эптеп жүрөбүз… Өзүңдүн турмушуң кандай?

“Анча деле эмес…” – деп баратып кайра келиндин оозу барбай:

-Кудая шүгүр, – дейт, бейырыс турмушун батынып айта албай. – Эл көргөндү көрүп жүрөбүз. Эки уулдуу болгом, улуусун быйыл мектепке бердик…”.

Алымкандын жылмаюусу гана өзгөрбөптүр. Ушунусу үчүн Турар баарына даяр эле. Кээде мектептен келатып чакмактан утуп алганда Алымкан өптүрбөй кетчү. Кыз башын ала качып “эртең аласың” дечү. Жоош бала ага макул болуп эртесин күтчү, Алымкан анысын кийинки күнү унутуп калчу. Балдардын баары анын айтканынан чыкпай, эмне десе ошого макул болуп жүрө берет деп ойлоптур. Тандап тийгени ичип алган күндөрү ага колу да тийди же жарытып иш кылбайт, жетишпеген тиричилик экөөнү биротоло басып калганда айыпты кимден издерин билбей калчу.

Турарды капыстан учураткандан бери анын көңүлүн бир гана суроо ээлеп алды. Жоош байкушум кандай жанга үйлөнгөнүн биле албай, ошону ачык суроого батына албай келатты. Бир убакта чочугансып Турар анын айылга эмнеге келатканын сурап ийбеспи. Кыз төркүнүнө келатканын айтып тим болду. Турар “такыр келатасыңбы?” деп сурап ие жаздап токтолду, антсе табалагансып калат эле.

Алымкан турмушунда эң чоң жаңылыштык кетиргенин ушу азыр түшүндү. Бир кезде теңине албай кеткен Турардын таптакыр өзгөргөнүнө, баягы жоош, момун деген жигиттин акылдуу, сезимтал адам болгонуна ичи элжиреп, “ошондо айталбаган сөзүн эми айтса” деп ийди. Антсе эч ойлонбой макул болор эле. Алымкан жол бою кызыктырып келаткан суроосун акыры берди. Турары үйлөнө элек экен, апасы экөө эски үйдө чогуу жашап жатышыптыр. Тоонун салкын абасында анча кыйналбаган тың аттарды минген экөөнү бийик боордон угулган улардын ышкырыгы толкундатып ийди окшойт.

“-Жакшы ат минип чыгыпсың… дегеле жеринен кандай ат минбе көркүнө толо түшөт…

-Бул экөөбүздө эмненин көркү? – деп Алымкан сөздү утурлады.

-Тамашасы жок…

-Койсоң эми.

Атчандар кайра да ойго тунушат, кыжалат боло. Тоборсу жолдо аттардын даңканы жанып, адамдын доошу мертине берди. Алымкандын оюн бая жалгыз суроо кыйнап, бул жолу да кеп баштап келатып кайра батына бербей:

-Айыл ырас салкын экен, – деди”.

Унчукпай кыйла жолду басып коюшуптур, ооздукту шылдыраткан аттар бышкырына айылга жакындап калыптыр. Ушунчалык тез жетишти. Тиги көрүнгөн тумшукту ашса айылга кирип барышат. Эңсеген жер сыры ачылбаган экөөнү тосуп алат.

“Экөө тумшукка жетпей Алымкан:

-Сен кичине кечигип бар, – дейт жигитке жалт карап. – Чогуу барганыбыз уят. Тоо-таштын арасында кечкурун булар эмне биригип алышкан дешпесин…

“Мейлиң Алымкан, – дейт Турар оюнда. – Мен сага каргаша боло албайм. Сага каалаганым жакшылык гана. Өмүрү өзүңдү гана жактырып келем…”

-Жакшы тур.

-Өзүң да аман жүр…

Турар атынын башын бура тартып, Алымкан узап кеткенче токтоп, кылчайып карап турат. Алымкан тумшукту имерилип көрүнбөй калганда гана ээрине оңдонуп олтуруп алып төмөнкү жолго түшөт, айылдын капталында жатчу жол менен келмекке. Алымканы жанында экенде тыңыраак кепке келип, оюнда сары майдай сактап жүргөн сырын ача албаганга өзүн жемелеп келет…

Алымкан да артта келаткан Турарын ойлоп, ошондон улам качанкы баркын эстеп, бейпайга түшүп сабыры суз”.

Тагдыр бул экөөнүн жолун эки ачакей кылып койгон болчу. Турар бир аз чечкиндүү болсо сулуулугуна магдыраган Алымкан түшүнөр беле, минтип эки жерде арманын ичине катпай бирге келген бакытка балкып жүрүшөр беле. Баркына жете албай качырып ийген бактысын эми экөө өмүр бою эстешет.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    “Азаттыктын” журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Вас также может заинтересовать

Оставьте комментарий