Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » Manas-ЮНЕСКО-Кайрылуу

Manas-ЮНЕСКО-Кайрылуу

автор Муса Мураталиев
Комментариев нет

Кайрылуу

2003-жылы профессор Б.Жакиев жана «Айтыш» коомдук фондунун негиздоочусу Садык Шер-Нияздын аракети менен кыргыздын дастанчылык жана токмолук онору ЮНЕСКОнун Адамзаттын рухий шедеврлеринин катарына кириши элибиз учун чон сыймыктуу жанылык болгон эле.

Жакында эле ушул сыяктуу дагы бир жанылык болду…

ЮНЕСКОнун расмий сайтында «Манас» эпосунун Адамзаттын рухий шедеврлеринин катарына киргендиги тууралуу маалымат пайда болду. Эн кызыгы, демилгечи болуп оз территориясында жашаган кыргыздардын атынан Кытай Эл Республикасынын чыгып жатышы. Биз КЭРдин мындай ниетин баалайбыз, бирок «Манас» эпосунун аталган тизмеге КЭР тарабынан сунушталып жатышы талаш маселе экендигин белгилегибиз келет. Себеби, «Манас» эпосу кыргыз мамлекетине таандык мурас экендиги эч калетсиз.

Тизмеге кабыл алуу процесси коптогон айларга созулары малым болсо да биз бул маселеде кимдир бироолордун катасын таап же кимдир бироолорду куноолону максат кылып койгон жокпуз. Биздин максатыбыз – кыргыздын улуттук баа жеткис мурасы болгон «Манас» эпосунун аталган тизмеге Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталып, таанылышы. ЮНЕСКО сыяктуу кадыр-барктуу уюмга «Манас» эпосунун Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталып, кабыл алынуусу эл аралык коомчулукта эпостун жаралышы жана кайсыл олкого таандыгы тууралуу арсар ойлорду жаратышы мумкун. Бул жагдайга ото тынчсыздануу менен ар бир Кыргызстандык учун ыйык болгон бул иште акыйкаттыкты калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кенешке жана Окмотко расмий кат менен кайрылуудабыз. Бул жерде «Манас» эпосунун ар бир кыргыздын руханий дуйносундо кандай мааниге ээ экендигин айтып олтуруу ашыкча болоор.

Руханий маданияты ЮНЕСКОнун шедеврлеринин тизмесине катталган ар бир мамлекет аны менен чексиз сыймыктанат, андыктан улуттук сыймыгыбыздын Кытай Эл Республикасы тарабынан аталган тизмеге кируусун калыссыздык деп эсептейбиз. Эгерде тез аранын ичинде зарыл чараларды жургузсок тузулгон кырдаалды ондоп, «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун руханий шедеврлер тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан киргизууго али кеч эмес экендигине ишенебиз.

«Айтыш» коомдук фонду
«Манас-Мурас» коомдук фонду

Вас также может заинтересовать