Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » МАНАС ЭПОСУНДАГЫ ЦИФРАЛАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ ЦИФРАЛАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

автор Муса Мураталиев
Комментариев нет

 

Муса МУРАТАЛИЕВ

Эссе

Мындай суроо эпосту улам кайталап окуганда эске келет.

Айкөл Манас баатырды коштоп жүргөн 40 чоросу бар.

Баатырдын дагы кырк чилтени бар.

Алардан сырткары дагы төрт кишиси бар.

Мунун жыйынтыгы: эки жолу кырк бир жолу төрт кошулганда 84 сан чыгат.

Баамдаганга Манас баатырдын колдоочулары 4 сандын канчалап көбөйүшүнө негизделген.

Окумуштуулар жазганга караганда:  

“Беш манжа менен байыркы заманда адамдар көптүк сандын бардык түрүн туюнта алышкан”[1]

Эпосубузда саны он миңден ашканда “түмөн” деп туюнтушкан.

“Төрт тарап” түшүнүгүн жандыра келгенде: Түндүк – Түштүк – Чыгыш – Батыш болуп чыгат.

Кыргызда жаңы төрөлгөн балага көйнөк кийгизүү салты болгон.

Ал үчүн бала төрөлгөндөн кийин төрт жолу он күндөн убакыт өткөрүп анан ымыркайга алгач ирээт көйнөк кийгизген.  

Каза болгон кишиге “Кыркын өткөрүү” салты да ушундай адатка байланышкан.

Бул жерде “Кыргыздыкы кырк жылда” деген лакап да эске келет.  

Манас баатыр ууда жүрүп Алмамбетти жолуктуруп, үйгө кошо ала кетээрде:

— “Кырк урук кыргыз элиң бар [2]” – деп кеп салат.

Маскөөдөн чыккан эпосубуздун төрт томдугуна жазган баяндамада:

“Кырк чоро элдин орто саал катмарынан чыккан жоокерлер. Алар бир гана баатыр Манастын кызыкчылыгын коргобой бүтүндөй кыргыз элинин кызыкчылыгын коргошкон[3]” – деп жазат.  

Манас баатыр жоолашкан Кырмустун   “кырк төрөсү[4]” бар.

Төрт санды он эсе көбөйтүп 40 санды пайдалануу башка элдер эпосторунда да өзгөчө мааниге ээ экен.

Мунун себеби эмнеде? – деген суроо туулат.

Көрсө мифоэпикалык системада эпосто цифраны пайдалануу байыртан келатан ыкма экен.

Сан изилдөө илиминин ачылышына карасак анда цифра – макрокосмос үлгүсү болуп эсептелерин көрөбүз.

Маселен, “төрт” менен “үч” санды дүйнөнүн өзгөрүлбөс негизи[5] деп эсептешери дайын болот.

Ошондо “үч” менен “төрт” кошулуп ж е т и н и, алдыңкы сан үч жолу кайталанса т о г у з д у түзүп улам жаңы үлгүнү жарата берерин мыйзамченеми катары карашат.  

Мистикалык философияда 10 цифра да бардык нерсеге негиз болору белгиленет.

 

Дүйнө элдеринде эпостор кыйла: “Манас”, “Илиада”, “Одиссея”, “Алпамыс”, “Гильгамеш”, “Сасундук Давид”, “Игорь төрө полку тууралуу баян”, “Илья Муромец”, “Алёша Попович жана Тугарин Змеевич” ж. б.

Алардын баарында сыйкырдуу цифралар кездешет.

Кыргыз элинин энциклопедиясы болгон “Манаста” да андай сандар кыйла.

Айрыкча “үч” жана “төрт” арбын.

Алардын 10 эсе, 20 эсе көбөйгөн түрү бар.

Ошондуктан “Манастагы” цифраларды кокусунан колдонулган деп айтууга ооз барбайт.

Не дегенде кырк чорону манасчы эч убакта 39 же кырк 41 деп атабайт.

Не дегенде манасчыларга сыйкырдуу цифралар баркын байыртан терең түшүнүп пайдаланышкан.

 

Азыр дүйнө элдери таат кылган Буддизм, Христиандык жана Ислам диндери жаралганга дейре адам баласында ар кыл диндер болгон.

Алардын эң байыркысы – Бутпарастык деп аталган.

Ал кезде элдер өз кудайларын таштан чегип, же жыгачтан жонуп  жазап алышкан.

Бүгүнкү күндө археологдор тапкан андай сөлөкөттөрдү музейден көрөбүз.

“Триада” аталыштагы сөлөкөттөр илгерки индустардын түшүнүгү боюнча бүт Ааламды жараткан кудай[6] азыркы тушта Брахма деп аталат.

Батыш тарапка көз чаптыра келсек, Краков шаарындагы (Польша) музейинде “төрт жүздүү” таштан чегип жазалган кудай[7] бар.

Сен-Жермен (Париждеги) музейде “Үч жүздүү” кудай[8] экспонаты бар.

Байыркы заманда жашап өткөн кишилер Ааламды супаранын бетиндей жалпак деп түшүнүшкөн.

Ошол тайпагай жер үстүндөгү төрт тарап 4 деген санды билдирген.

Амсан – Жер – Жердин асты аларга 3 деген санды билдирген.

Мындай эки сандын бирге эсептешип 7 деген санды чыгарышкан.

 

Кыргыз манасчылары дегинкиси карапайым, сабаты жоюлбаган эле кишилер болгон.

Анда кайдан жүрүп алар дүйнөлүк философиялык мыйзам ченемдүүлүгүн, анын катарында диний илимди өздөштүргөн деген суроо туулат.

Алдын ала белгилей кетчү кеп, дүйнө элдеринин рапсоддору деле кат тааныбаган караңгы кишилер болушкан.

Калк арасынан суурулуп чыгып өз эпосун айтчулар тэ, атам заманда жашап өткөн шумер, грек же кийинки эле орус, казак, армян, каракалпак, алтай, сака болушпасын карапайм кишилер тукумунан чыккан.

Манасчылар чыгарма жаратуу маалында өзүн “жоготуп” коюу абалга чейин жетишкендигин айтышат.

Күпүлдөтүп эпосту айта баштаганда алардын аң-сезими адамзат башынан өткөн М А К Р О дүйнөгө чейин көтөрүлгөн.

Алар эпосту айтып атканда цифралар артында катылган каймана маанини түшүнүп-туюп пайдаланлышкан.

Аларга айрыкча 3 жана 4 сандар аралашкан сыйкырдуу туюнтмалар өзүнчө шарттуу белги болуп кызмат өтөгөн.

Бир адамдын өмүрүндө б.а. ал туулуп көзү өткөнгө чейинки мөөнөт арасында дүйнөдө анча деле өзгөрүү болбойт экен.

Асман менен Жер мурдагы боюнча кала берет экен.

Башканын бары, ал тургай, адамдын эң ыйык туткан Кудайы да маал маалы менен өзгөрүп кетет экен.

Байыркы эл Шумерлер жашаган учурда ар бир адамдын жеке өзүнүн гана кудайы болгон.

“Гильгамеш” эпосунда, маселен баатыр Гильгамештин кудайы —Лугал эле.

Кийин дүйнөдө фараондор жашаган кезде адамдар айбанаттарга сыйынган.

Ар өрөөн эли ыйык туткан Кой, Каракунас, Чөө, Мышык жана башка жаныбардан кудайлары бар эле.

Алардан да жогору саналган бардык мысырликтар үчүн Өгүз менен Күн кудайлар болгон.

Андан кийин байыркы гректерден тартып антропоморфтук (адам түспөлдүү) кудайга ишенүү башталган.

 

Жорж Томсон байыркы гректер коомчулугунун тарыхы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө:

“7 деген сан шумерлер ишенген Аалам жөнүндөгү жалпы түшүнүк.

Шумер эли бир апта деп 7 күндү, 7 жактан сокчу шамалды, каза болгон кишинин жаны жер асты менен тигил дүйнөгө жетчү 7 апталык жолду түшүнүшчү”[9] деп жазат.

 

“Манас” эпосунда 3 деген шарттуу белги бар.

Аны баатыр төрөлөр алдында эне атасы көргөн сырдуу түштөн көрөбүз.

Жакып кечке жуук жатып түш көрөт.

Ойгонуп байбичеси Чыйырды менен токолу Бакдөөлөткө түшүн жорутайын деп барса беркилер да түш көрүшүптүр.

Ошентип ҮЧӨӨ тең бир кечте баатырдын  төрөлөрүнөн жышан алышат.

Алмамбет келээрде Манас баатыр түш көрөт.

“Кара жол менен баратып, байнеги алтын, сабы жез, алкымы түз, кайкы уч албарс кылыч таап алат.

Кылычты байланып нары бастырат.

Ангыча кылычы жолборс болуп кубулат.

Бирткеден кийин жолборс ак туйгун болуп Манастын оң колуна конот”[10].

 

Вавилондук эпос “Гильгамеш” биздин замандан мурда, бери дегенде, 5 миң жыл илгери жаралган.

Эпосто падыша да, баатыр да Гильгамеш:

“Токой үстүнөн кожоюндук кылган Хумбабаны

Чык бери кармашка!” – деп кыйкырат.

Экинчи, үчүнчү жолу кыйкырат.

Бирок аны тоотпогон Хумбаба үн катпай коёт”.[11]

 

Орустун “Алеша Попович менен Тугарин Змеевич” былинасында:

“Үч кара жол алдыда, ортосундагы боз үйдөй чоң таш бетинде:

Биринчи жол Муромго, Экинчи жол Черниговго,

Үчүнчүсү – Киевге, деген жазуу бар”[12].

 

Же армяндар эпосу “Сасундук Давыдде” баш баатыр өзү жоолашып аткан Мсра Мелик менен жекеме-жеке беттешээрде:

“Элден мурда бирибиз экинчибизди үч жолу күрсү менен салалы,

Экинчибиз андан соң биринчибизди күрсү менен үч салсын”[13]. – деп шерттешет.

 

Орустун баатырлары: Илья Муромец, Добрыня Никитыч, Алёша Попович б.а. үч баатыр бүт орус элинин биримдиги үчүн күрөшкөн.

 

Баатыр Манас, уулу Семетей, небереси Сейтек (үч муун) кыргыздын жерин басып киргендерге каршы күрөш ачып эли жерин кара жоодон бошоткон.

 

Эпостордо баш каармандар үч жолудан тагдырдын сыноосунан өтүшөт.

Ошондон кийин гана эл көзүнө көрүнүп баатыр деген наам алышат.

Эмне себептен алар үч ирээт сыноодон өтүшкөн?

Бул жерде 3 деген шарттуу белгилер эске келет.

Биз мурда айткандай: Асман, Жер, Жер асты – 3 деген сандын түшүндүрмөсү.

Муну философтор жана байыркы заманда жашап өткөн адамдар ушундай чечмелеген.

Бир сөз менен жыйынтыктай келгенде: 3 деген цифра бул өлүм менен тирүүлүктүн ортосундагы дилемма, демек, өлүм же күн көрүүнүн бирөөн тандоодогу мажбурдук болуп чыгат.

Ошондуктан бул же тигил каарман 3 жолку болуучу сыноодо же өлүп Жердин алдында, же тирүү калып Асман астанда калган баатыр атанып чыга келген.

Ал кезде канчалаган миң кыргыз ошончо эле орус калкы жашаган, бирок алардын ким-кимиси эле даап үч ирээт сыноого катыша алышкан эмес.  

Кайла жүрөктүүлөрү эр сайышка аралашып мерт да болушкан.

 

Орустун баатыры Илья Муромец 3 ирээт Киевди алганы барат.

Акыркы жолу колго түшүп орго ташталып, ордо туура 3 жыл, 3 ай, 3 күн жатат.

Ошондо Калин падыша орустарга кол салып киргенде, Илья Муромец баатырдын күчүн пайдаланышмака ордон чыгарышат.

Илья Муромец орустун 12 баатырын урушка бирге баралы деп үндөйт.

Бирок 12 баатыр моюн толгоп ар кимиси ар тарапты бет алып бастырып кетишет.

Жангыз калган Илья Муромец баатыр өзү Калин падышанын колун жеңмекке соугуш ачат.

Уруш кызуу жүрүп атканда эки ирээт аны өлүмдөн астында минген аты сактап калат.

Үчүнчү жолу Илья Муромец баатыр колго түшөт…

Үч деген эсеп санды рапсоддор үчүн өлүм менен күн көрүүнүн чеги катары колдонушканы ушул мисалдан да көрсө болот.

 

Бул жагдайга салыштырып Манас баатырдын тагдырындагы ага коюлган сыноолор алда канча татаал болгонун көрөбуз.

 

“Манас” эпосунда рапсоддор 3-кө 3-тү кошуп 6 санды көп пайдаланышкан.

Мисалы: 6 кандын чатагы.

“Көкөтөйдүн ашында” шагы сынган Төштүк, Жамгырчы, Көкчө, Үрбү, Санжарбек, Музбурчак (алтоо) аш тарагандан кийин чатак салат.

Манастан өчүбүздү алчубуз деп Таласка барышат.

Опуза кылып, озуна, элден мурда элчилерин жиберип, анан кийин артынан өздөрү ант ичишип Манаска кол салганы аскерлери менен кирип барышат.

Ошондо Манас “талаага 6 кулач алтындан так орноттуруп, 6 бурчуна 6 жолборс байлатып, асманда алп каракуш айлантып, аларды күтүп алат” [14].

 

Манас баатыр Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө биринчи жолку жортуулунда бошото албай калган Алай менен Анжиянды жоодон арылтуу ишин баштайт.

Ошондо Алайдын мынабул эле Кундуз, Талкан, Каратегин жерлерин бийлеп жаткан Шоорук кан каршылык көргөзүп, кыйлага Манаска моюн сунбай койот.

Кармашта Шоорук кандын баатыры Чегендер 12 миң кол менен келет.

Манас аны жеңет.

Акыры Шоорук кан кызы Акылай айткан болжол туура чыгып, Манасты эч ким жеңе албаган баатыр экендигин көргөндөн кийин баш ийүүгө аргасыз болгон Шоорук кан ошондо: 40+1 кызыл нарга 40 көмүркөй зар жүктөп, 30+1 сулуу кыз алып 60 нөкөрү кашында, алтын таажысы башында, бото курун моюнуна салып, эки колун бооруна алып Манастын алдына келет[15].

Бул жердеги арифметикага келсек жандырмагы төмөнкүдөй чыгат.

Шоорук канга тийешеси бар сандар 3 анын эки эсеге көбөйүшү – 6, анын дагы экиге көбөйүшү – 12.

Ал эми Манаска тийешелүү сандар 4-тү түзөт.

Баатырга тартуу кылынган 40 кызыл нарга 40 кызыл алтын салынган көмүркөй анан дагы бир кызыл нар салт тартуу кылынат.

30 кыз жана дагы бир кыз тартуу кылынат.

Эмне үчүн Шоорук кан бир нарды салт жана бир кызды артык баш тартуу алып келди?

Муну менен акылман чал Манастын алдында өзүнүн башы, малы, тукуму бүт тартууга келгендигин билдирген.

Жангыз нар – бул курмандыкка чалынчу мал, жангыз кыз – бул анын акылдуу кызы Акылай эле.

Кийин Манас баатыр Акылайга үйлөнүп, Шоорук кан кайнатасы болуп калгандыктан касташканын койгон.

Манасчылар жараткан дагы бир бараандуу каарман – Алооке хан.

Ал жөнөкөй каарман эмес.

“Алооке кандын 60 уулу бар”[16].

Ошол алтымыш уулунун эң кенжеси Коңурбай.

Эң улуусу Бооке.

Манас Алтайдан Ала-Тоого келип, кыргыздын жерин ээлеп жатышкан кытай-калмактардан арылтканы жортуул ачкан кезде Алооке кандан Ак үйлүүгө, башкача айтканда, барымтага деп улуу баласы Боокени алып барган.

Кийин ал кырк чоронун бири болуп чыга келген.

Бир уулун Манаска чоро кылып берип, бир уулун Манаска жоо койгон Алооке кан менен кармашуу канчалык татаал болгондугун рапсоддор ушул жагдай аркылуу баса көрсөтүшкөн.

Жарадар болуп урушка кире албай, оорукта жаткан Манас баатырга:

— “Ит – өлбөстүн чөлүндө согушуп жатып Алмамбет, Чубак, Сыргак баш болуп кырк кыраандын ичинен 12-синен айрылдык!” – деп Ырамандын Ырчы уулу угузат[17].

12-синен, демек, 6 нын эки кайталанышы, 6 болсо 3-түн эки жолу кайталанышы.

 

Еврейлердин мистикалык терең сырдуу илими бар.

Аны “Кабала” /Qabbalah/ деп коёт.

Ошол илимдин негизи болуп сандар чөйрөсүн окуу эсептелет.

“Кабалада” болмуш кубулуштарын билдире турган 32 сан бар.

Дүйнөдө эмне болбосун анын эсебин 10 сан менен чыгарууга болот[18].

Ар бир сандын өз мүнөздөмөсү бар.

Маселен: 3 деген сан – Акыл.

4 деген сан – Айкөлдүк.

7 деген сан Салтанатты билдирет[19].

“Кабала” илиминин аныктамасы боюнча жер жүзүндө пайда болгон байыркы адамдардын үч же төрт жүзү болгон.

Бир жүзүнөн акыл көрүнсө, экинчи жүзүнөн айкөлдүк, үчүнчү жүзүнөн шаттуулук, төртүнчү жүзүнөн душмандык заары байкалып турган.

Андай кишини узун жаактуу АБА дешкен.

Анын каршысында кыска жаактуу эне УМА экен.

УМАнын беттерин: Сулуулук, Калыстык, Бышыктык чайып турган.

АБА менен УМАнын ортосунан УУЛ төрөлгөн[20].

Байыркы кыргыздар да энени УМАЙ дешкен.

Байыркы эл еврейлердин УМА энеси менен болгон окшоштук дүйнөдөгү ар кыл элдердин мурдатан эле байланышы бар болгонун күбөлөп турат.

Эпостордогу шарттуу белгилер оболтон эле байыркы элдерде бири бирине тараган дешке негиз бар.

 

Эмесе байыркынын жомогу болгон эпосторго кайра келели.

Вавилондук эпос “Гильгамеште” аял затынын баш кудайы Иштар атасы Ану кудайга мындайча өтүнүч менен кайрылат.

Күнүлүгү ашынган Иштар атасына асмандан лөк буканы түшүрүп, Гильгамешти тепселетип өлтүр дейт.

“Эгерде антпесең анда мен:

7 жыл саманда жатып эс алам,

7 жыл аңыздан буудай баш терип,

7 жыл текей жеп, күн көрөм,”[21] – деп коркутат.

Мурда биз келтирген булактарда, так айтканда, Ж. Томсондун изилдөөсүндө 7 санды шумерлер да Аалам менен бир байланышта карашкан.

Киши өлгөндө жер алдындагы 7 жол менен тиги дүйнөгө кетет деп түшүнүшкөн.

Эпостогу дагы бир көп кайталанчу сан 40.

Орустун баатыры Илья Муромец “Камскидеги кандуу крамашка” жөнөөр алдында:

“40 падыша, ага кошуп, алардын 40 уулунун күчүн,

40 төрө, ага кошуп, алардын 40 уулдарынын күчүн,

40 атаман, ага кошуп, 40 атаман уул күчүн топтойт.[22]

 

Армян элинин эпосу “Сасундук Давидде” да 40 саны кездешет.

“Мсра Мелик орго өзү түштү,

40 өгүз териси менен аны жабышты

40 тегирмен ташы менен анын үстүнөн бастырышты”[23].

Экинчи мисал:

“Атынын оозун Давид бурганда,

Кери – Торос да бурду атынын оозун

38 азаматтар аларга кошулуп,

Жөнөштү Сасун калаага”[24].

Давид менен Кери – Торосту кошкондо 40 сан чыгат.

Давид баатырдын жанында коштоп жүргөн 39 баатыр бар.

Өзү менен 40.

Бул шарттуу белги айрыкча Манас эпосунда жыш кездешет.

Ал эми Манас эпосунда 4 сан эки эсе артык колдонулгандыктан 4- төн ары кеткен сан да, 4-төн бери түшкөн сан да жаманчылык менен байланыштуу.

Ошондуктан бала Манас Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөндө

6 карышкыр анын кайтарып жүргөн козуларына тиет[25].

Апасы Чыйырды менен келаткан жолдо 6 калмак аларды арага алып ыза кылышат[26].

6 кан чатак чыгарып,

6 аталаш тууганы Манаска кастык кылат.

Булардан сырткары баатырга утуш алып келген 4 деген сан эки жолу кайталанып 8 болгон жерлерде дайыма жакшылыктын жоросун көрүүгө болот.

Манас 15 жашка чыкканда аны ууга чыккан балдар өзүнө кан шайлап алышат.

Ошондо балдардын саны 84 эле.

8, демек, 4-түн эки кайталанышы.

Анын үстүнө дагы 4-тү кошкондо 84-тү табабыз.

Манас баатыр өзү ээлигип уруш ачуу 2 жолу болгон.

Баатырды ошондо Коңурбай 2 жолу жарадар кылган.

2 деген сандын жамандык алып келерин ушундан көрөбүз.

 

Август – Сентябрь, 1999

 

Шилтемелер:

[1] / Депман И. Я. История арифметики. М., с. 26,

[2] / Манас (кара сөз түрүндөгү баяндама) Фрунзе, 1986, с.104,

[3] / Манас т. 4, М., 1995 с.775,

[4] / Там же, с. 208,

[5] / Мифы народов мира т.2 М., 1992 с.631,

[6] / Там же, т.1, с. 185,

[7] / Там ж   е, т.2, с. 45,

[8]/ Там же т.1, с. 185,

[9]/ Дж. Томсон. Первые философы, М., 1959, с. 128,

[10] / Манас (кара сөз турундөгу баяндама) Фрунзе, 1986, с. 96,

[11]/ Гильгамеш С.Петербург, 1919, с.25,

[12] / “Сказания столетия” М, 1981, с. 25,

[13] / Там же, с.369,

[14] / Былины М. , 1957, с.7,

[15] / Там же, с. 8,

[16] / Манас (кара сөз түрүндө баяндама) Фрунзе, с. 81,

[17] / Там же, с. 258,

[18] / Ф.Э. Брокгауза и И.А.Ефрон Т.X111 С. Петербург, 1894, с. 783,

[19] / Там же, с. 783,

[20] / Там же, с. 783,

[21] / Гильгамеш (Вавилонский эпос) С. Петербург, 1919, с. 43,

[22] / «Былины» М., 1957, с. 104,

[23] / «Сказания столетия» М., 1981, с. 371,

[24] / Там же, с. 375,

[25] / Манас (кара сөз түрүндөгу баяндама) Фрунзе, с. 141,

[26] / Там же, с. 119, ф

Вас также может заинтересовать

Оставьте комментарий

Получать новые комментарии по электронной почте. Вы можете подписаться и без комментирования.