Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » Мамасалы Апышев о Чингизе Айтматове

Мамасалы Апышев о Чингизе Айтматове

автор Муса Мураталиев
Один комментарий

(на киргизском языке)

Развернутый анализ феномена Чингиза Айтматова – писателя и человека.

Айтматовдун акыркы адашуусу,
же түбөлүктүүлүк фонундагы портретке штрихтер

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышы менен бирге кыргыз улуттук адабиятынын тарыхындагы «кыргыз совет адабияты» деп аталган (ал эгемендик доорунда да жашагандыгына, соңку эки романын: «Тавро Кассандры», (1994), «Вечная невеста» (2006) жаңы социалдык-саясий шарттарда жаратканына карабастан) артта зор из калтырган бир глобалдуу доор аяктап, адабияттын өнүгүү тарыхындагы жаңы барак ачылды.
Жазуучунун чыгармачылыгы мурдатан эле дайыма коомдук пикирлердин чордонунда болуп, адабий-сындын туруктуу обьектисине айланып келсе да, эми анын чыгармачылыгын толугу менен бир көркөм туунду-бүтүндүк катары баалоо, анын мурастарына толук жыйынтыктоочу көз караш менен кароо мүмкүндүгү пайда болду. Албетте, ар бир улуу жазуучунун чыгармалары көзү өткөн соң гана, мезгил өткөн сайын бардык параметрлер боюнча кайра баалоодон өтөрү анык. Ошол эле учурда жазуучунун өзүнүн инсандык сапаттары, граждандык, атуулдук позициялары да ар кайсыл өңүттөн өзүнчө кароолго илинип, иликтөөгө алынып чыгары турган иш. Бул адамзат турмушунда эбактан бери эле кийинки муундардын өз доорунун бардык ири инсандарына (жеке эле адабиятта эмес, – бардык коомдук-саясий тармактарда) карата сөзсүз жасай турган милдети сыяктуу кабылданып калган, эреже-тартиптердин бирине айланып калган көрүнүш. Демек, инсандын дүйнөтаанымын (мировоззрениесин) ар кандай критерий-сапаттар боюнча бөлүп кароого дагы көнүмүш талаптардын бири катары гана караганыбыз туура болор…
Асыресе, залкар жазуучубузду «Айтматов – жазуучу», «Айтматов – философ», «Айтматов – коомдук-саясий ишмер», «Айтматов – инсан» (личность), «Айтматов – атуул» ж.б. сыяктуу ¬ башка көптөгөн аспекттерден тереңден карап, бардык ракурстардан калыс баалоо келечектин иши. Азырынча анын чыгармачылыгында ар кайсыл себептерден улам ушул кезге чейин азыраак көңүл бурулуп келген бир жагдайга көңүл бургубуз келет. Анан калса, бул тема заманыбыздын залкар сүрөткеринин коомдук-саясий позициясына, инсандык дүйнөтаанымына түздөн-түз байланышып турат. Демейде жазуучунун көркөм чыгармачылыгына обьективдүү баа берүүгө келсек, алардын дээрлик бардыгы (баштапкы үйрөнчүк мезгилинен башкалары) кынтыксыз экендиги, жогорку деңгээлде жазылгандыгы белгиленип келет. Бул адилет баа. Өз учурунда жазуучунун журналисттик-публицисттик чыгармалары дагы атайын изилденип (В.Левченко, «Айтматов – «Правдист»), жогорку баага татыганы маалым. Чынында да ошондой. Буга анын совет доорунда жазылган «В соавторстве с землею и водою» аттуу жыйнагындагы жана кайра куруу доорундагы, соңку эгемендик жылдардагы жарыяланган публицистикалык макалаларынын алиге чейин актуалдуулугун жоготпой, эскирбестен, ошол кездеги коомдук турмуш маселесине арналган чыңалган күчүн сактап келе жатканы дагы күбө… Ошентсе да, айтматовдук публицистикада адатта коомдук-саясий турмуштагы эң курч маселелер коюлбай, алар көтөрүлсө да ошол кездеги саясий агымдын нугунда гана болуп келгендиги (маселен, патриархалдык эски салттарга каршы жазылган «Это ваша вина, земляки!» аталган макаладагыдай) айкын. Коомдо резонанс жаратып, практикалык жыйынтык чыгарылган маселелерди эстеш кыйын. Болсо да аз жана майда. Мисалы, тээ 80-жылдарга чейин эле кыргызча басма сөздө министрликтерди «министерство» деп орусча суффикс менен жазуу калыптанып калган болчу. Айтматов тил маселеси козголгондо ушуну айтып калчу. Акыры бара-бара министрлик деген сөз элге сиңип кетти!.. Андан сырткары, көбүнесе Москвада «Черемушки» району пайда болору менен эле союздун бардык шаарларында «өздөрүнүн Черемушкилери» пайда болгонун нааразы боло белгилеп, же айылдык балдар менен шаардык балдардын ортосундагы тарбия, турмушка болгон көз караштардын айрымачылыктары (өзүнүн уулунун торгой менен көгүчкөндүн жумурткаларын айрымалай албай тургандыгын!) сыяктуу, конкреттүү кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына эч кайчы келбей турган «актуалдуу чындыктарды» козгогонду жакшы көрө турган…
Арийне, калыстык үчүн белгилеп кете турган болсок, айтматовдук публицистикада эң чабал, ал тургай кескин түрдө терс пикирлерди жаратуучу фактылар дагы жетишерлик табылат. Мындай баа биринчи иретте – азыркы адабиятка, анын өзүнүн калемдештерине карата болгон субьективдүү мамилесинен улам жаралат десек да болот. Бул ойго кечээ жакында Чыңгыз Айтматовдун көзү өтөрүнө туура бир жыл убакыт калганда «Дружба народов» журналына жарыяланган эң соңку баш сөзү дагы түртөт жана бул айтматовдук баш сөз «жанрына» жаңы жагдайда жаңыча көз караш менен кароого мажбур кылат.
«В конце позапрошлого года впервые вручалась Русская премия. Напомню, что эта премия присуждается за лучшее произведение литературы, написанное на русском языке писателями из Закавказья, Средней Азии и Казахстана. Мне выпала честь возглавлять жюри премии, тогда же я познакомился с замечательной повестью совершенно нового для меня автора из Казахстана Николая Веревочкина “Человек без имени”. Эта представленная в рукописи повесть (ее журнальный вариант позже был напечатан в “Дружбе народов”) произвела на меня столь сильное впечатление, что никаким колебаниям насчет премии просто не оставалось места. И, вручая ее тем декабрьским вечером в “Президент-отеле” лауреату, я подумал, что завидую тем любителям настоящей литературы, которым еще предстоит открыть для себя этого писателя. Сейчас “Дружба народов” печатает новое сочинение Николая Веревочкина. Я его еще не читал, прочту, прочту уже в журнале — как рядовой читатель “ДН”, но почти уверен, что оно не обманет моих ожиданий — столь крепкой, уверенной и оригинальной рукой было написано прежнее. И если это именно так, мне станет некому завидовать, разве что самому себе. Очень на это надеюсь. Чингиз Айтматов». («Дружба народов», № -6, 2007. Баш сөздүн мазмундук пафосун, интонациясын так берүү үчүн атайылап котормосуз бердик, – М.А. ).
Калыстык үчүн белгилей кетелик, мындай көтөрө чалып, ашыра мактоого Николай Веревочкиндин Айтматов али окуй элек «Белая дыра» аттуу романы татыктуу болуп олтурат. Ал эми анын Айтматов «восхищаться» эткен («Человек без имени» – «ДН», № 11, 2006) чыгармасы жөнүндө айта турган болсок, айрым эпизоддорунун солгундугуна, сюжеттик-тематикалык байланыштардын жасалмалуулугуна карабастан, алгач азыркы адабият фонунда чынында эле бир кыйла чыйрак жазылган чыгармадай сезим калтырат. Чыгарманын кыскача идеялык-сюжеттик мазмуну төмөнкүдөй: кудай чыгармачылык талант жагынан куру койгон, бирок, шылуун сүрөтчү Удищев «Мерседеси» менен аялы экөө чогуу кышка «заготовка» кылабыз деп базарга келе жатышып, жолдон бир бомжду тебелетип алат да, аны особнягына алып барып, жакшы болуп кеткенче деп, дарылап, бага баштайт. Удищев өзү ошол особнякта жатып алып, заказ боюнча сүрөт тартат. Аялы шаардагы үйүндө жашайт. Бир күнү эртең менен ойгонуп, ал оңолуп калган бомждун өзүнүн мольбертине олтуруп алып, сүрөт тартып жатканын көрүп жини кайнап чыгып, жанына учуп жетип барат да, оозу ачылып эле туруп калат! Көрсө, баягы көчөдө калган бомж кайталангыс чоң талант, мыкты сүрөтчү экен… Дароо ал жазып бүткөн картиналарынын этегине «М.Удищев» (жада калса каармандардын аты-жөндөрү да аллюзиялуу болуп, кошумча бир маанилерди жаратпай койбойт: «Мудище», «мудак» сыяктуу!) деп өзүнүн колун коюп, аларды сатып, заказчиктер менен мурда жетпей жүргөн контракт-келишимдерди түзүп, делец-«сүрөтчү» ага өзү эле асмандан түшкөн мындай олжонун түшүмүн опсуз «оруп-жыйнай» баштайт. Анын чөйрөсү да, ал тургай чиркөөнү кооздоп-оформление жасатууга заказ берген (Удищевдин амалдуу кайрымагына илинип, анын «зернистая икрасын» закуска кылып, арагын ичип, мончодо чогуу бууланган) поп дагы – баары бирдей өңчөй кара боек менен гана тартылган. Аягында алар өз ара бөлүнүшүп, дагы бир ошол чөйрөдө ортомчу болуп оокат кылып жүргөн Шамара аттуу аялдын башкы карман Удищевдин чыныгы жүзүн «Би-би-си» радиосу аркылуу ачууга болгон аракети кайра анын өзүнүн бети-башын тамтыгын чыгарып сабап кетүү менен аяктайт…
Майдалап чечмелеп жатканыбыздын себеби, анча чоң эмес повесть азыркы учурдун чыгармачыл адамынын көйгөйүн чагылдырууга далалат кылса да, эмнегедир, кээ бир эпизоддордо артыкбаш, ыксыз пайдаланылган гротесктик стилден улам (чыгарма өзү баштан аяк нукура реалисттик, баяндоочулук манерада жазылганына карабастан), эмнегедир кайсыл бир чыгармага жазылган пародиядай гана кабылданат. Көркөмдүк-эстетикалык, философиялык мазмуну чукак. Айтматов айткандай терең таасир деле калтырбайт. Психологиялык планда гана айрым таамай шилтенген штрихтер (мүнөздөр эмес!) бар. Анда ал залкар жазуучубузга эмнеси менен жакты экен?.. Кызык… Бул суроонун жообу деле Николай Веревочкиндин аталган эки чыгармасын көңүл коюп окуп чыккан адамга дароо эле табылат. Казакстандык орус авторунун чыгармасынан бир кыска үзүндү келтире кетелик: «Озябшая, беспризорная душа, гонимая осенними вирусными ветрами, зацепилась за куст шиповника. Неряшливо проросший из-под останков брошенной сеялки, торчал он безобразно, как скандал. Прозрачная, трепыхалась душа на краю чудом уцелевшего, многажды оскверненного человеком леска вблизи трассы, ведущей в большой, мрачный город. В истоптанном вдоль и поперек придорожном уголке не было тайны, ворожбы, а была лишь скука. Но в этот вечер красная листва осин и желтая берез, просвеченная холодным северным закатом, делала ее пронзительно красивой. Такая печальная, шокирующая красота всегда присутствует в смерти, точнее, в ее приграничной зоне, в момент прощания души с телом, когда труп уже тих, светел, но еще не остыл..»
Бир эле караган адамга Веревочкиндин тили, баяндоо ыкмасы, жазуу стили (описательный), интонациясы дароо эле Айтматовдун «И дольше века длится день», «Плаха» аттуу романдарын эске салары шексиз. Демек, жюри төрагасы да андан өзүнүн окуучу-шакирттеринин бирин көрүп, балким, анын келечектеги чыгармачылыгына колдоо иретинде гана «аванс» берип, көтөрө чалып мактап койгондур деп боолголоого болот. Же, ким билет, ХХ кылымдагы совет доорундагы гүлдөгөн адабиятка болгон (ушул азыркы темп менен кете берсек, дагы 20-30 жылдан соң совет доорундагы адабият «Алтын кылым» катары бааланып калары да толук ыктымал!) ностальгия, кусалык-сагынычы жеңип кеттиби?.. Башкача, эң жөнөкөй жооп болушу дагы мүмкүн. Эч кандай метафорасыз эле, азыркы кризистеги адабий деңгээлди эске алуу менен ой жүгүртө турган болсок, – ошол конкурста чынында эле Николай Веревочкин “эң мыктылардын” бири болушу мүмкүн экендиги да шек туудурбайт.
Ал эми «Белая дыра» романы («Я его еще не читал, прочту, прочту уже в журнале — как рядовой читатель “ДН”, но почти уверен, что оно не обманет моих ожиданий — столь крепкой, уверенной и оригинальной рукой было написано прежнее», – деп Айтматов болжолдогон чыгарма) мурдагы биз чабал деген повестке салыштырмалуу дагы бир кыйла начар, андан да тагыраак айтсак: көркөм чыгарма деп атоого да такыр болбой турган чыгармачылык тажрыйбадай элес калтырат. Эгерде романдын аталышын азыркы тапта астрономдор, физиктер арасында абдан чоң кызыгууларды, талаш-тартыштарды жараткан «Черная дыра» (ааламдагы чексиздиктеги жашоо белгиси жок жана ага жакын жологонду «жутуп» алып турган түпсүз туңгуюк) маселесине карата антитеза катары кабылдасак, анда «Белая дыра» – бул азыркы адамзат жашоосун чагылдыруу деп түшүнүшүбүз керек го?! А бирок, чалды-куйду, эч бир идеялык да, сюжеттик-композициялык да биримдик жок чыгармадан үзүк-үзүк гана айрым бир оңунан чыккан сүртүм-элестерди жолуктурууга болбосо, жалпысынан алганда, роман аталыштагы туундудан кичинекей бир аңгемечелик дагы таасир калбайт. Приватизация доорунда өз айылындагы китепкананы бир китептин баасында менчиктештирип алган карман, ал китепкананы кайра ыйлактаган китепканачыга белек кылып кайтарып берип, андан аркы «саякат-приключениелерин» улантат… «Крысобака» деп аталган тулку-бою иттики, башы келемиштикиндей болгон жаңы жаныбарлардын пайда болушу, «Крысулечка моя!» – деп өз итин жоготуп алып, таппай жүргөн, акылынан айныган аял сыяктуу абстракттуу каармандардан баш адашат. А бирок, бүткөн бир көркөм образ сыяктуу элес калбайт. Автордун ар түркүн адабий агымдарды (мистиканы, сатираны, реализмди, сюрреализмди) синтездөөгө болгон аракети текке кетип, романда оңунан чыккан метафоралар, айрым образ сымал штрихтер жана эпизоддор бар экенине карабастан, чыгарма чабал эксперименталдык тажрыйба деңгээлине да жетпей кала берген. Башкача айтканда, бул роман турган турпаты менен Айтматовдун акыркы изги үмүтү акталбай калгандыгын ачык далилдеп турат!..
Туура, залкар жазуучунун бул эң соңку адашуусун анын ак дилден болгон (благородное заблуждение!) жаңылыштыгы деп атаганыбыз адилеттик болор. Ошол эле учурда бул баш сөз жазуучунун ысымы (дал ушул баш сөз «жанрына», адабий пикир айтуусуна карата болгон мамиледен улам) менен байланышкан түрдүү ассоциацияоарды да жаратпай койбойт. Ушундан улам, эриксизден тээ кайра куруу доорунда, Айтматов жөнүндө сөз боло калганда, күйдүргү тилдүү калемдештеринин биринин анын инсандык сапаттарын образдуу салыштырганы эске түшөт: «Эмне эле Айтматовду идеализациялайсыңар?! Мыкты талант болгону менен – ал деле жөнөкөй эле адам да! Булбул деле бакка чыгып шаңшып, кулак моокумун кандыра сайрайт. Андан соң, курсагы ачканда кайра жерге түшөт да, тезек чокуйт, дал ошол сыяктуу эле да?!..» – деп…
Чынында эле март революциясына чукул Чыңгыз Айтматовдун Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» аттуу китебин Лев Толстойдун деңгээлине салыштырганы залкар жазуучубуздун биографиясындагы өтө эле пас, уят фактылардын бири болуп калды. Ошондо жазуучунун ашкан күйөрмандары да ичтери тызылдап, өкүнүп калышкан эле: эми башкалар кошомат кылса да, ушул Айтматов жөн эле койсо болмок, деги ага эмне жетишпейт?! – дегенсип… Чынын айтканда, мен ошону Айтматов өзү жазганынан деле шегим бар. Ким билет, балким «канайымдын» (Майрам Акаеванын ага ошол кездеги кошоматчылар тарабынан ыйгарылган официалдуу эмес «титулу») кошоматчыларынын бири эле анын атынан жаза салып, Айтматовго кол койдуруп алгандыр?.. Эмне болгон күндө да, бул факт болуп калды. Орустар айтмакчы, «что написано пером, то не вырубишь топором!»..
Ал эми Айтматовдун адабий чыгармаларга жазылган баш сөздөрүнө келсек, албетте, анын Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романынын орусча которомсуна (котормочу – Василий Росляков) жана таланттуу жазуучу, драматург Мар Байжиевдин китебине («Моя золотая рыбка», М., «Молодая гвардия», 1976) жазган пикирлери азыркы адабият таануубузда классикага айлангандыгын эч ким тана албайт. Өзгөчө Абдукаимовдун чыгармачылыгына байланыштуу айтылган чыныгы адабияттын табияты жана таланттуу адамдын чыгармачыл өмүр-тагдырындагы оош-кыйыштар жөнүндөгү ой-толгоолору адабият, чыгармачылык жашап турган кезде эч качан эскирбес мураска айланып калды.
Ал эми Мар Байжиев жөнүндө «анын пьесалары Европа өлкөлөрүндө коюлуп» жатканына, чет жактардан анын пьесаларынын афишаларын көрүп, жаш жердеш калемдеши үчүн сыймыктанганына байланыштуу азыноолак гана ак дил каалоосун билдирген. Балким, Мар Байжиевдин аты алыска жете электе, али жаш жазуучу кезинде эле баш сөз жазып (бир кезде – 1959-жылы, – өзү жаңыдан гана чыга баштаганда Мухтар Ауэзов «Литературная Газетага» «В добрый путь!» деп ак жол каалап, жаш жазуучунун атын дароо союзга таанымал кылгандай), ага чоң моралдык колдоо көрсөтсө, ким билет, ал азыркыдан да бийик деңгээлге жетишине зор стимул болуп бермектир!?
Айтматов алгачкы адабиятка кирген жылдарда халтурага келишпес мамиле жасай тургандыгын далилдегенсиген кадамдарга барып эле жүргөн… Маселен, ал «Дружба народов» журналынын редколлегия мүчөсү кезинде бул журнал Шүкүрбек Бейшеналиевдин романын жарыяламак болуп калат. Ошондо Ч.Айтматов бул романдын начар экендигин айтып, кыргыз адабиятынын проза жанрында андан мыкты чыгармалар көп экендигин белгилеп, каршы чыгат. Сөзү өтпөй калган соң протест катары редакциянын эшигин «тарс» жаап чыгып кетип, редколлегия мүчөлүгүнөн баш тартат. Ошондон тартып узак жылдар бою өзүнүн чыгармаларын такай басып келген «Новый мир» журналынын редколлегия мүчөсү болуп калат…
Баса, Айтматов ааламга аты чыгып, даңкы таш жарып турган кезде бир топ эле жаш авторлорго ак жол каалап, ал эми таанымалдарынын китептерине баш сөз жазды. Арасында ортосаарлары да, чабалдары да бар, же ачык эле халтураларына да «айкөлдүк» кылган учурлары да болду. Айрымдарын атап айта турган болсок, ошол эле өзүнүн чыгармаларын такай басып келген «Новый мир» журналынын жооптуу катчысы Георгий Пряхиндин (кийин ал Борис Ельциндин администрациясында иштеп калып, жазуучулуктан биротоло кол үзүп, майда эле бир чиновникке айланып кетти!) «Интернат» аттуу повестине, Мырзабек Тойбаевдин «Советский писатель» басмасынан чыккан «Моя звезда» аттуу жыйнагына, ыраматылык Медетбек Сейталиевдин Москвадагы «Юность» журналына которулуп жарыяланган «Дочь мельника» («Тегирменчинин кызы») аттуу повестине, балкардын таланттуу акыны Кайсын Кулиевдин Москвадагы “Художественная литература” басмасынан чыккан тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагына…
Айтмакчы, айтматовдук пафостуу баш сөздөн соң айрым жергиликтүү адабиятчылар Сейталиевдин каарманын “Жамийланын сиңдиси” деп аташып, комплиментардуу пикирлер толуп кетти эле. Бирок, көп өтпөй эле, ал повесть такыр унутулду да, калды. Башкача айтканда, “эжеси” Жамийла алиге чейин “жаш” бойдон калып, ал эми анын “сиңдиси” дароо эле, туулбай жатып, аркы дүйнөгө кеткен сыяктанып калды!..
Жергиликтүү адабиятчыларды аябай жипкирткен фактылар да болбой койгон жок. Өзгөчө өзү жөнүндө дайыма таанымал адабиятчы Георгий Гачев сыяктуу дүйнөлүк адабият деңгээинлде жазып келген Кеңешбек Асаналиевге өз учурунда калыс баа бербей, анын ордуна өзүнүн адабий кухнясында жеке секретарындай, же бул сөздүн өз маанисинде айта турган болсок, – техникалык слуга-үй кызматчысы (бул тууралуу Муңдук Мамыровдун “Акматалиевге ачуу жооп” аттуу макаласын караңыз, – “Жаңы ордо”, “- №-5-9, 2006-жыл) сыяктуу ганп пайдаланып келген адабиятчы сымал, а бирок, олуттуу адабият чөйрөсүндө араң жан ремесленниктей “репутациясы” бар, халтурага эптеп илешип жүргөн А.Акматалиев сыяктуу бирөөлөрдү «буксирге» алып сүйрөп, ашыра чапкан мактоо пикирлерин аябаган кездери да болду. Эриксизден орус элинин “Гора родила мышь” делген таамай лакабы турмуш чындыгы аркылуу айкындалганына ынанасың!.. Башкача айтканда, залкар жазуучубуздун чыгармачылыгында жалпы адабият кызыкчылыктарына караганда жеке адамдык кызыкчылыктар салмактуулук кылып кеткен жагдайлар да жетишерлик орун алып келгендиги жалпыга маалым.
Баарынан өкүндүргөн бир факт, – өткөн кылымдын 70-жыларынын аягында Москвадагы «Прогресс» басмасы жазууучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын англис тилинде чыгармак болуп калат. Басмадан кыргыз адабиятынын бараандуу өкүлү катары Чыңгыз Айтматовго романга баш сөз жазып берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Эмне үчүн ал баш сөз жазылбай калды? Мунун сыры эч кимге белгисиз. Кыргыз адабияты менен тыгыз байланышы бар адабиятчы, котормочу Лариса Лебедева Айтматовдун романды бир жыл бою кармап жатып алып, бир ооз да сөз айтпай, же ак, же көк дебей коюп, акырында роман англис окурмандарына баш сөзү жок эле, бир кыйла кечигүү менен колго тийгендигин кейиштүү баяндап берген эле.
Бул жерде биз сөзсүз эле Айтматов «Сынган кылычты» айга-күнгө теңеп макташы керек болчу деген ойдон алыспыз. Ага бул роман да, анын автору – экинчи бир залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков да эч кандай муктаж эмес. Айланып келип эле, буга жалпы адабиятыбыз, анын тарыхый өнүгүү процесси муктаж болчу. Башкача айтканда, тек гана бул популярдуу чыгармага болгон айтматовдук пикир такыр билинбей, ачык мамиле жок болуп, анын бул чыгармага болгон мамилеси айтылбай, бүдөмүк бойдон калып, адабият таануубузда орду толгус бир кенемте пайда болгондугун гана белгилеп коюшубуз парз.
Улуу орус жазуучусу Антон Павлович Чеховдон анын замандаштарынын бири: “Федор Достоевскийдин “Преступление и наказание” романын окудуңуз беле?” – деп сурап, андан “бул ырахатты кырк жашка чыккан курагыма калтырдым эле”, – деген жооп алганы белгилүү. А кийин, ошол мезгил келген соң, Чеховдон “Достоевскийдин бул романы ага анча деле чоң таасир калтырбагандыгы” жөнүндө угат эмеспи. Бул анча деле таң калычтуу эмес. Ар башка стилдерде жазышканына карабастан, Чехов өзү да классик деңгээлине жеткен куракта башкача баа бериши (катардагы окурмандай гана) да мүмкүн эмес эле! Ошентсе да, бул фактынын чечмеленип жазылбай калышы (чеховдук көз караш, талдоо туюндурулбай, үстүртөн гана берилип), адабият тарыхындагы колдон чыгып кеткен бир зор мүмкүнчүлүк сыяктуу гана болуп кала берди!..
Айтматовдун көзү өткөндөн кийинки мезгилдеги анын сүрөткердик, инсндык сапаттарынын ар кайсыл өңүттөн бааланышы жазуучунун “комплекстүү портретине” эң акыркы штрихтер сүртүлгөнгө чейин улана бериши турган иш. Бир гана айрымасы, ал талкуулар эми мурдагыдай курч талаш-тартыштарсыз, объективдүү полемика денгээлинде өтүп, баары жалпы бир максатка гана баш ийип, анын замандаштарынын, доордун берген ар бир сүртүмү, “боегу” ошол “коллективдүү портретке” кошулган алымча-кошумчасы жок, зарыл нерселердей кабылданышы зарыл. Албетте, ал көзү тирүү кезинде кез-кезде бул залкар фигуранын айланасында эки лагерге бөлүнүп алып, өз ара келишкис талашка түшкөн топтор арасында объективдүү пикирлер жаралышы күмөн эле. Мезгил өтүп, “туман таркап”, чыныгы реалдуу фактылар гана калышы керек болчу. Мисалы, улуу акын Аалы Токомбаевдин аны “журналист-жазуучу катары” гана карап, чыгармачылыгын төмөн баалашына (учуру келгенде бул эки таланттын өз ара мамилелери да өз алдынча изилдөө предметине айланары эч кандай шек туудурбайт), кезегинде Лев Толстой улуу Уильям Шекспирди жокко чыгарууга болгон далалатындай эле субьективдүү көз караш катары караганыбыз туура. Ал тургай, ачык каршылашпаса деле, сүрөткердик принциптеринен, көз караштарынын айрымачылыктарынан улам гана пайда болгон улуу таланттардын ортосундагы келишпестиктерге, биринин чыгармачылыгын бири танып, жокко чыгарууга болгон аракеттерине кандайдыр бир деңгээлде түшүнүү менен кароо зарыл. Маселен, ошол эле Иван Бунин Чеховдун пьесаларын “өзү дворяндардын турмушун билбей туруп” жазгандыгы үчүн жактырбай, кескин сынга алган.
Ошол эле учурда тээ совет доорунун эң соңку көз ирмемдеринде Чыңгыз Айтматовдун СССР державасынын биринчи президенти болуп шайланып жаткан (эл арасында кадыр-баркы жедеп кетип бүткөн компартиянын жана анын генералдык катчысынын!) Михаил Горбачевдун кандидатурасын ашыра мактап, ошол кезде ташкындап, бири-бирине аесуз чапкыланып жаткан саясий-коомдук “толкундуу” пикирлердин чордонунда калып, бир тарабынан “кошоматчы” катары кескин сынга алынса, экинчи тарабынан СССРдин биринчи президентинин кандидатурасын сунуш кылууга татыктуу, моралдык укугу бар бирден-бир инсан катары көкөлөтүп макталды…
Объективдүүлүк үчүн айта кетүү керек. Эгерде бир эле инсндын ар кандай сапаттык белгилерин өзүнчө ар кандай компоненттерге бөлүп карай турган болсок, залкар Айтматов-сүрөткерге салыштырмалуу Айтматов-атуул, Айтматов-инсан дайыма кыйла алсыздык кылып, бул “кырлары” демейде жазуучунун “көлөкөсүндө” калып келгендиги маалым. Айтматов-атуулдун чабалдыгы – анын дайыма (алгач аты чыккандан баштап, өмүрүнүн эң соңку көз ирмемдерине чейинки учур төмөнкү жетекчилердин доорлорун камтыды: Исхак Раззаковдон баштап, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Аскар Акаев, Курманбек Бакиевге чейин, борбордук бийликте болсо: Никита Хрущевдон баштап, Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко, Михаил Горбачевго чейинки ушундай ар түркүн адамдардын баарына жага билип, ыңгайлашып, алардын тилин таба билүүнүн өзү эч кандай ирониясы жок эле айтканда, – чоң искусство деп айтсак болот!) бийлик системасынын курамында жетекчилктин эң жакын адамы болуп жүрүп, саясий агымдын ыгынан чыкпай, ага өтө берилүү менен кызмат кылып келгендигинде турат. Ким билет, балким бул дээрлик генетикалык денгээлдеги чочулоодон уламдыр (эгерде тап күрөшү учурунда анын атасы жана жакын туугандары бай-манаптардын өкүлдөрү катары репрессияга тушукканын эске алып, “коркоктук”, “коркуу” сыяктуу эпитеттерди колдонбой турган болсок), же тек гана жазуучу катары өз өмүрүндөгү эң башкы максат чыгармачылык экендигин көңүлгө алып, түпкүлүгүндө кандай жолдор менен болсо да ошол максатына жетүүгө умтулгандыр. Ал эми бийликке башын ийбеген, өз алдынча көз карашты билдирүү ал кезде диссиденттик болбосо да, бери эле болгондо система менен конфликтке баруу сыяктуу болмок. Коомдук-саясий турмушта ар бир кадамын саресеп менен жасап, ар бир сөзүн ашкере расчет менен айтып, жашап келген адам, албетте, андай көзкарандысыздыкка жана эркин өзалдынчалыкка эч убакта бара да алмак эмес! Мүмкүн дал ошол үчүн өзү да ичинен андай залкар фигурадан заман талап кылгандай кара кылды как жарган адилеттик качып, компромисстер, турмуштук майда бир жагдайлар жеңип кетип жүргөндүгүн сезип эле жүргөн чыгар?.. Бул эми табышмак бойдон гана калды. Аны кийинки изилдөөчүлөр жазуучунун архивинен, жеке жазуу дептер-күндөлүктөрүнөн (эгерде алар артында калган болсо) жана анын замандаштарынын эскерүүлөрүндө орун алган ар кандай фактыларды кураштыруу аркылуу гана ачып бере алышат.
Кимдир бирөөлөр дароо айтышы мүмкүн: эмне үчүн Айтматов-атуул катары чабал экен? Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында бир гана кыргыз мектеби бар экендигин, кыргыз тили экинчи планга сүрүлүп калгандыгын Айтматов биринчи болуп айтып чыкты эле го? – деп.. Туура, бул маселени Айтматов көтөрүп чыккан (андан мурда эле ушул сыяктуу суроолорду көтөрө коем деп, Түгөлбай Сыдыкбеков “улутчул” аталгандыгын да унутпашыбыз керек), бирок, качан? Анда кайра куруу деп аталган доор келип, ар бир улуттун кайра жаралуусу жөнүндөгү маселелердин козголушуна жогорку бийлик, компартия тарабынан санкция берилип калган. Башкача айтканда, бул маселени козгоо эч ким үчүн кооптуу болбой калган болчу… Же, мындан да тагыраак айта турган болсок, ага чейин бул маселени эч байкабай жүрүп, 1987-жылы (1986-жылдагы Алматыдагы трагедиялуу декабрь окуялары орун алган соң) гана – 60 жашка толоруна аз калганда “күтүүсүздөн”, кокусунан билип калып, Лев Толстойчосунан “Не могу молчать!” – деп аба жарып, ачык айтып кыйкырып чыкты беле?..
Ал эми ошол эле улут маселелеринин көркөм туундусу болгон “манкурттун” коомчулукта чоң резонанс жаратышы да айтматов-сүрөткердин айтматов-атуулга, айтматов-инсанга караганда алда канча бийик тургандыгын айгинелеп тургансыйт. Баса, инсан катары дагы ары тереңдетип карай турган болсок… Улуу жазуучубуз кудай даарыган улуу табигый талантын эске албаганда, “Ысык-Көл Форумун” түзүп, интеллектуалдар клубун негиздөөгө умтулуп, өзүнүн ордун ошол чөйрөдөн көрүп келгендигине карабастан, ашкере интеллектууалдуулугу менен деле эч качан айрымаланган эмес. Бул деле түшүнүктүү. Билимге эн сиңимдүү болгон балалык чагы, жаштык курагы согуш жылдарына жана турмуштук оор шарттарга туш келип калды. Андан соңку алган билими – Жамбулдагы зооветтехникум, Кыргыз айыл чарба институту… Тагыраак айтканда, ал жазуучу катары биротоло багыт алып, убактысынын көбүн өз алдынча чыгарма жаратууга коротуп калган курагында (1956-58-жылдар) Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институнун эки жылдык курсунан алган үстүрт билимин (эки жылда дүйнөлүк адабият тарыхын жана азыркы адабият маселелерин терең өздөштүрүп кетүү эч качан мүмкүн эмес) эске албаганда, жазуучу такай өз алдынча гана интеллектуалдык көрөңгөсүнүн кенемтелерин толуктоо аракетинде (самообразование жолу менен!) болуп келгенсийт. Ошондон уламбы, чыгармачылыгында да кээде карама-каршылыктуу, чатышкан билдирүүлөрдү жасап жиберчү. Бирде “өз чыгармачылыгында биринчи жолу фантастикага кайрылгандыгын” айтса (“Кылым карытар бир күн романындагы” автордук баш сөз жана космостук линия жөнүндө сөз болуп жатат), бирде анысын кайра танып, реалдуу чыгарма жараткандыгын кайталачу. “Тавро Кассандры” романындагы Филофей-космос жонүндө да учурунда адабиятчылар бул фантастикабы, же фантастика эмеспи деп талашып, кырчылдашканы маалым. (Асыресе, жазуучу 70-жылдардагы маектеринин биринде марсиандар жөнүндө чыгарма жазууну көздөп жатканын билдиргени да белгилүү). А кийин жазуучу өзү да бул маселеде такыр чаташып калып, чыгармачылыгынын жаңы этабында пайда болгон линиялар анын мурдагы эле мифтик-легендалык көркөм катмар-пластынын жаңыча формада жаралышы экендигин туюндура алган эмес!.. Туура, анын бир кыйла жасалма, техникалык чеберчиликте жасалган туундусу… Ал эми табигый, көркөм туунду катары жаралган манкуртка кайрыла турган болсок, – чыгармачылыктагы атуулдук-инсандык теманын толук чагылдырылышы десек болот. Баса, тематикалык жана географиялык жактан казак улуту менен байланышкан дал ушул роман жарыяланган соң, казактын залкар акыны (акын катары да, атуул, инсан катары да абдан күчтүү, ар тараптан шайкеш келген адам) Олжас Сулейменов жазуучу Чыңгыз Айтматовго жекече мүнөздөгү жабык кат жазгандыгын билдирген эле. Кызык, анда кандай маселер көтөрүлүп, кандай мазмун камтылды экен?.. Дегинкисин, совет доорундагы орусташтыруу, тымызын ассимиляциялоо, улуттардын өзүнчөлүктөрүн бара-бара жоюп, бирдиктүү совет элин жаратуу саясаты өкүм сүрүп турган чакта казак улутту манкурттук, улутчулдук маселелерин өздөрүнүн жүрөктөрүнө абдан жакын кабыл алып келишкендиктери дагы эч ким үчүн жашырын болгон эмес… Албетте, өз учуру келгенде ошол сыяктуу архивдик материалдар да жалпы коомчулуктун энчисине айланып, мурда белгисиз жана анча түшүнүксүз болуп келген көп жагдайлар барган сайын толук ачыла берери түшүнүктүү. Бул табигый көз карашка жолтоо болгон жасалма тосмолор, бут тосуулар жана этикалык жагдайлар мезгил өткөн сайын турмуш чындыгына баш ийип, орун бошото башайт.
Азыр адабият таануудагы «Айтматовтаануу» деп аталган багыт жаңыдан гана түптөлүп, анын алгылыктуу, келечектүү жактары иргеле баштаган чак. Башка бардык темалардагыдай сыяктуу эле, Айтматов жөнүндө ушул кезге чейин өтө көп жазылса да, эми анын чыгармачылыгы, инсандык турпаты комплекстүү түрдө, жыйынтыктоочу позициядан туруп жазыла баштайт. Турмуштун жазылбаган мыйзамы ошол. Каалайбыызбы, каалабайбызбы, баары бир ошол мызамга баш ийишибиз керек.

Материал опубликован в газете “Кыргызстан маданияты” в феврале 2009г.

Вас также может заинтересовать

Один комментарий

Kolya 19 января 2010 - 5:44

Спс

Комментирование отключено.