Мураталиев Муса
Официальный сайт писателя
Главная страница » Муса Мураталиев. Алтын кыргоол. (Жомок)

Муса Мураталиев. Алтын кыргоол. (Жомок)

автор Муса Мураталиев
Комментариев нет

Илегри бир Ырыскелди деген киши болгон экен. Ал ата-энесин алпештеп багып Теңирден коркуп жашачу экен. Ар апта сайын базарга отун көтөрүп барып сатып турат. Тапкан акчасы бирде кийим-кечекке жетсе, бирде нан чайга да жетпейт.

Бир күнү отун алып атканда капталында бадал арасынан короз кыргоол кыйкырат! Бадалды аралай басса, шибердин үстүндө чырмоокко буту чалынган кыргоол жатат! Жүнү кулпунуп, алтынга окшоп жалт-жулт этет! Ырыскелди кыргоолдун шыйрактарын чырмооктон бошотуп атып, эмнегедир, кушту кое бергиси келип кетет. Бирок башына: «кийин бир мергендин олжосу же ийри тумшук алгыр куштун жеми болор» – деген да ой кетет. Андан көрө деп Ырыскелди кыргоолду үйүнө алып келет. Ошондон тарта Ырыскелдинин бүлөсү кыргоолду бапес менен багат. Айры куйрукка алдырбай, ичерине деп суу, жемине деп жүгөрү, таруу мол камдап багышат.

Күндөрдүн бир күнүндө Ырыскелди кыргоолду көрөйүнчү деп барса куштун бир тал канаты жерде жатат. Колуна алса алтын болуп кубула түшөт! Көргөн көзүнө ишенбей базардагы зергерге алып барат. Зергер «лам» дебестен канатты көмүркөйүнө салат да акыны мол төлөйт. Ырыскелди ал күнү базардан толгон токой дүр-дүйнө алып үйүнө кайтат. Акыры Ырыскелдинин жашоо-тиричилиги оңолот. Кыргоол түлөгөн сайын анын жүнүн базарга алып барып сатып, марый баштайт.

Бир жолу кандын баш министри базар аралап жүрүп, куштун канатына окшогон чылк алтындан согулган буюмга көзү түшөт. Аны кан сарайына алып келип алтын чапкан зергерчилерин чогултуп, мындай ажайып буюм чабыш кимдин колунан келди? – деп сурайт. Зергерчилери: «мындай буюм жазаш адам баласынын колунан келбейт!» – деп жооп беришет. Ары жүгүрүп, бери жүгүрүп акыры алтынды сатып жүргөн кишини билишет. Кандын баш министри жанына жоон топ жигит алып Ырыскелдиникине келип түшөт. Үйдүн ичин аңтарып-теңтерип алтын издшет. Эч нерсе таба алышпайт, бирок көздүн жоосун алган кыргоолдун корозун табышат. Аны торго салып канжыгага байлап коюп, бастырар алдында кандын баш министри жигиттерине кайрылат:

– Ырыскелди нагыз кылмышкер экен, көзүн ушул жерден тазалап кетишибиз оң! Кармагыла! – деп буйрук берет.

Ырыскелдинин балдары ыйлап-сыктап:

– Атамдын айбы эмнеде? – деп чыркырашат.

– Атаңар кенч таап алса да канга айтпаптыр! – дейт баш министр. – Мынча байлыкты кармоого кандын гана акысы бар! Айыбы ошол!

Ырыскелдинин башын алуу камы желе баштайт. Кандын баш министри тордогу кыргоолдун жонун сылап, эрмектейт. Куш жонуна колу тийген сайын министр көңүлү Ырыскелдинин көзүн тазалатуудан айный калып турат. Акыры:

– Шашпагылачы! – деп жигиттерин тыят. – Колу-бутун чечкиле! Анын каны менин мойнумда! Бошоткула, бу бейбакта күнөө жок!

Жигиттери оозунан жаңылган министрге жалт карап алышат да, бирок айтканын кылышат. Жарыяланган буйрукту кан гана буза алмак. Бул жерде баш министр буйрукту аткартууга келгенде мажүрөөлүк кылып аткан. Ошондуктан министр эми катуу жазага тартылышы ылажым болчу. Жигиттеринин текебердигин кагыш үчүн министр аларга кыргоолду көргөзүп:

– Ким-кимиң мунун жүнүн сылагыла, – деп буюрат.

Ар бир жигит кыргоол жүнүнө колу тийер замат кең пейил боло калып атканын сезишет. Ошондон соң Ырыскелдини унутушат да кыргоолду кандын сарайына алып кетишет. Канат куйругу алтын болуп кубулган кушту көргөндө кан эчкирип ийет:

– Жүнүн жулуп, этин казанга салгыла. Канат куйругун эле сатканда казынам карк дөөлөткө батчудай! Тез! – деп бажылдайт.

Чай кайнамдай болгондо, кандын алдына ашмачысы жүгүрүп келет:

– Аламын десеңиз баш мына, каным! Кыргоолду сойо албай койдум. Колум барбай атат! – деп ыйлайт.

– Корооз сойгондон корккон да ашмачы болобу? – деп нааразы болгон кан кылычын кынынан суура басып, ашканага кирет да кыргоолдун башын кыя чабат. Мис табакка калдырт деп түшкөн куш жаны чыкканча тыбырчылып, чимирик ата баштайт. Демейде кулпунган канат куйрук, жүнү кадиимки эле кыргоол куштун жүнү болуп калат.

21 апрель 2012ж.

Вас также может заинтересовать